Биз менен байланышыңыз

Май айындагы майрамдар: Кайда барып эс алууга болот?

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 473 | 0

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 1-майдан 9-майга чейин Бишкекте өтө турган турган иш-чаралардын тизмесин жарыялады.

Бардык иш-чаралар Ынтымак-2 сейил багында кечки саат 18:00дө өтөт.

  • 1-2-май күндөрү Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки;
  • 3-май күнү Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;
  • 4-май күнү Кыргыз улуттук К. Молдобасанов атындагы консерватория;
  • 5-май күнү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармония;
  • 6-7-май күндөрү «Манас» Кыргыз улуттук театры;
  • 8- май күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театры;
  • 9-май күнү Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры концерттик программаларды уюштуруп өткөрөт.

Мындан сырткары, аймактардагы театр оюн-зоок мекемелери жана маданият үйлөрү 1-3-5-7-9-май күндөрү ачык эс алуу жайларында, парктарда концерттик программаларды, көркөм окууларды, аймактан чыккан көрүнүктүү чыгармачыл инсандар менен жолугушууларды өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM