Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абадда ысырапкерчиликке жол бербөө боюнча жобо иштелип чыкты

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 169 | 0

Жалал-Абад шаарында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду жерге берүүдөгү ысырапкерчиликти кыскартуу боюнча жобо иштелип чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жобого ылайык, өлүм болгон үйдө 3 күндөн кийин гана бир баш майда мал союу бекитилди. Ал эми үй-бүлөлүк салтанаттарды, үйлөнүү тойлорду өткөрүүдө каалаган бир баш мал союуга уруксат берилди. Ошондой эле үйлөнүү тоюнда унаалардын санын 3төн ашырбоо, коноктордун санын ресторандарда 350 адамдан ашырбоо, кыркылык, жылдык сыяктуу маркумду эскерүү иш-чараларын жок кылуу сыяктуу бир топ чектөөлөр кабыл алынды.

Эске салсак, президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлык чыгарган. Аны ишке ашыруу максатында шаардык мэриянын алдында жумушчу топ түзүлүп, жобо иштеп чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM