Биз менен байланышыңыз

Азербайжан Кыргызстан менен сооданы көбөйтүүгө даяр

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 207 | 0

Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча агенттигинин төрагасы Г.Тахмазли менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Элчи Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы сооданы көбөйтүү, ошондой эле Азербайджанга азык-түлүк товарларын экспорттоо боюнча ченемдик укуктук актыларды изилдөө боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында жолугушту.

Осмоналиев ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн баа саясатын, продукциянын экологиялык тазалыгын жана Азербайжандын импорттук куржунун эске алуу менен Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүнө токтолду. Атап айтканда, сүт азыктары, эт жана эт азыктары, балык, буурчак, бал жөнүндө сөз болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тыгыз байланышты түзүүгө жана соода жүгүртүүнү көбөйтүү үчүн кызматташууну бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM