Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Биздин максат – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 196 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Сокулук айылындагы «Биовит» дары-дармек чыгаруучу заводдун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ишканага барууда Бакыт Төрөбаев фармацевтикалык өнөр жай бирикмесинин өкүлдөрү менен жолугушту. Жыйында тармактын актуалдуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик колдоо, маркировкалоо, дарыларды каттоо жана экспортту өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдой тургандыгын билдирди.

«Биздин максат – ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, экономика, өнөр жай тармагын, анын ичинде фармацевтика тармагын мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу. Бул импортту алмаштыруу маселелерин чечип, өлкөнүн ички рыногун тийиштүү дары-дармектер менен камсыздап, келечекте экспортко чыгууга мүмкүндүк берет», — деди ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM