Биз менен байланышыңыз

Бишкекте айт намазына байланыштуу айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Кыска кабар | 1 мая 2022 | 299 | 0

Бишкек шаарында айт намазына байланыштуу 2-майда айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Унаа кыймылына чектөөлөр Чүй проспектинин Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү, Фрунзе көчөсүнүн Абдрахманов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү намаз бүткөнчө жабылат.

Кайгуул кызматы айдоочулардан унааларды белгиленген көчөлөргө токтотпоону суранып, кайгуулчулар саат 04:00дөн тартып жолдорду тазалоону баштай тургандыгын эскерткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM