Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров ооруканадан чыгып, ишине киришти

Кыска кабар | 30 Апр 2022 | 506 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүндөн тарта медициналык мекемеден чыгарылгандыгына байланыштуу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга киришти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 28-апрелде Акылбек Жапаров бүгүн эртең менен М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусу жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу жаткырылган.

Жүргүзүлгөн медициналык процедуралар миокард инфаркты оорусун тастыктаган жок, бирок жүрөк тамырларынын спазмы аныкталган.

Учурда Акылбек Жапаровдун ден соолугу туруктуу деп бааланууда, ошол эле учурда ал амбулатордук медициналык жардам алууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM