Connect with us

Жалпы республикалык тестирлөөнүн качан болору белгилүү болду

Кыска кабар | 30 Апр 2022 | 380 | 0

Абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2022-2023-окуу жылына Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн абитуриенттерге Жалпы республикалык тестирлөөнү уюштуруп, өткөрүү жөнүндөгү тиешелүү буйрукка кол койду. Ага ылайык 2022-жылы абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:

I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);

III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).

Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.

Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM