Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев Санариптик өнүктүрүү министрлигинде көчмө жыйын өткөрдү

Кыска кабар | 30 Апр 2022 | 308 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Санариптик өнүктүрүү министрлигинде жана анын курамына кирген Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттигинде, «Инфоком» мамлекеттик ишканасында, Мамлекеттик персонификациялоо борборунда көчмө жыйын өткөрдү.

Төрөбаев аталган мамлекеттик органдардагы санариптештирүү жана электрондук башкаруу жаатындагы иш-аракеттер менен таанышып, ишканалардагы өндүрүш тутуму документтерди кабыл алуудан тартып, арыз берүүчүнүн колуна тапшырылганга чейинки автоматташтырылган системага күбө болду.

Ошондой эле жыйындарда мекемелердин санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө багытталган ишмердүүлүгү, жакынкы өнүгүү пландары, орун алган көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору тууралуу маалыматтар угулуп, тийешлүү чечимдер кабыл алынды.

Эске салсак, 25-апрелде Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов учурда «паспорт мафиясы» менен күрөшүп жатканын, ал тамыр жайып кеткендиктен, Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЖААК) департаментине чукул реформа керек экенин билдирип, видео кайрылуу жасаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM