Биз менен байланышыңыз

УКМК: Бодо малды мыйзамсыз экспорттоо боюнча коррупциялык схема аныкталды (видео)

Кыска кабар | 30 Апр 2022 | 342 | 0

Кыргызстандан бодо малды тиешелүү ветеринардык документин мыйзамсыз жасап экспорттогон туруктуу коррупциялык схема аныкталды.

Өткөрүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган схемага Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Ш.Н.Т.нын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталган.

Тактап айтканда Ш.Н.Т. аттуу жаран акчага бодо малга сыртка чыгаруу үчүн «форма-1» үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн, ошондой эле мал-жандыктардын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуу менен  жасалма документтерди берип тургандыгы аныкталган.

Ш.Н.Т. жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдук келишим боюнча макулдашып жатышкан жеринен кармалышкан.

Кармалгандар Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM