Биз менен байланышыңыз

Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин алгачкы отуруму болду

Кыска кабар | 30 Апр 2022 | 176 | 0

29-апрелде Баткен шаарында Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңештин I отуруму болуп өттү. Ага облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев, бир катар министрлердин орун басарлары, Министрлер кабинетинин бир катар жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Анда «Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү» программасын жана жол картасын ишке ашыруу маселеси талкууланды. Баткенге республикалык бюджеттен жылына 500 млн сом каралары белгиленген. Бул акчаны туура сарптоо үчүн Министрлер кабинети буйрук чыгарып, жумушчу топ түзүлүп, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча атайын кеңештин жобосу бекитилген.

Талкуу маалында депутат Чыңгыз Ажибаев Баткен облусун өнүктүрүүнүн зарылчылыгын айтып, өзгөчө чек арага чектеш айылдардагы калкты социалдык камсыздоо жана мамлекеттик колдоо маселелерине токтолду. Ошондой эле Баткен облусунун айылдарынын инфратүзүмүн, айрыкча жолдордун абалын жакшыртуу керектигин белгиледи.

Эске салсак, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча кеңеш «Баткен облусунун статусу жөнүндөгү» мыйзамга ылайык, 2022-жылдын февралында түзүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM