Биз менен байланышыңыз

Түркияда «Манас» айтуучулук боюнча иш-чара өткөрүү сунушталды

Кыска кабар | 30 Апр 2022 | 157 | 0

Маданият, маалымат, спорт жанга жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен ТҮРКСОЙдун биргеликте өткөрө турган орток пландары талкууланып, аны ишке ашыруу боюнча маселелер талкууланды.

Түрк дүйнөсүнүн маданиятын жана адабиятын сактоо, өнүктүрүү жана даңазалоо иш аракетин алып барган уюм, министрлик менен жакынкы убактарда биргеликте ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашты.

Мындан сырткары, Түркияда өтө турган төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан тараптын катышуусу жана даярдыгы талкууланды.

Ошондой эле, жаңыдан түптөлгөн «Манас» театрынын ишмердүүлүгү жана аны түрк дүйнөсүнө таанытуу боюнча сүйлөшүү болуп, Түркияда «Манас» айтуучулук боюнча иш- чара өткөрүү сунушталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM