Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев экологиялык маселелерди чечүү боюнча кеңешме өткөрдү

Кыска кабар | 30 Апр 2022 | 241 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министирлигинде кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө экологиялык коопсуздук жана көзөмөлдөө, жаратылыш ресурстарын иштетүү жана коргоо маселелери талкууланды.

Бакыт Төрөбаев жарыяланган Тоо экосистемаларын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылынын, «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыгынын жана «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында экология жана климат жаатындагы чараларды ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле ал борбордогу ыш көйгөйүн чечүү жана абанын сапатын көзөмөлдөө боюнча чараларды, таштандыларды башкаруу боюнча программаларды ишке ашыруу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча тармактык программаларды иштеп чыгуу, атмосфералык абаны коргоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды кайра карап чыгуу, Жашыл климат фондуна арыз берүүгө конкреттүү долбоорлорду даярдоону тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM