Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жумушчу сапары менен Кыргызстанга келди.
Аны «Манас» эл аралык аэропортунан Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тосуп алды.
Бүгүн, 29-апрелде Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин X жыйыны өтөт.
Айта кетсек, февраль айында өткөн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов жолугушкан. Анда Жапаров Смаиловду апрель айында Кыргызстанга иш сапар менен келип кетүүгө жана Кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин X жыйынын өткөрүүгө чакырган.