28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Кыргызстанга таандык «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына тажиктердин видео көзөмөлдөөчү камераларды орнотуусу менен башталган чыр 29-апрелдин кечинде тажик тараптын Лейлек районуна кол салуусу менен уланган. Чек арадагы абал 1-май күнү түш оой эки өлкөнүн УКМК башчылары протокол кабыл алышкандан кийин гана турукташкан.
28-29-30-апрелдеги куралдуу кол салуудан Баткен жана Лейлек районунда жалпы 36 кыргызстандык курман болуп, 173 адам жаракат алган; 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык обьект, 27 май куюучу жай, 34 соода түйүнү, 5 ашкана, 3 тойкана талкаланган. Ал эми Тажикстандан 19 адам каза болгону расмий айтылган.
Баткендеги чек ара окуясына толук бир жыл болду. Бир жыл ичинде эмне өзгөрдү, чек арадагы абал кандай?Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
Өткөн жылдын 29-апрелинин кечинде тажик тараптын Баткен облусунун Лейлек районуна куралдуу кол салуусунан эң көп Максат айылы жабыркаган. Анда 90го жакын үй жана 10дон ашык мамлекеттик мекемени өрттөп жиберишкен. Мындан сырткары үйлөр тонолуп, короодогу мал уурдалып, 12 унаа турган жеринде күйүп кеткен. Баткен облусу боюнча келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 1 млрд 337 млн 897 миң 831 сомду түзгөнү айтылган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан каза болгондордун үй-бүлөсү үчүн турак-жай курууга Баткен шаарынын Чет-Булак конушунан 5 гектар жер бөлүнгөн. Ага 6 сотыхтан чарбагы бар, ар бири 4 бөлмөлүү 36 үй салып берилген.
Ал эми Лейлек районунун Максат айылында 84 үй салынып, өткөн жылдын 27-августунда Президент Садыр Жапаровдун Баткенге болгон сапарында ачкычы тапшырылган.
Максат айылынын тургуну Айгүл Тагаева үй салып көчүрүп киргизгени менен чек ара аймагында тынч жашоо жок экенин билдирди. Айылдын эли акырындан башка жактарга көчүп кетип жатканын айтып, чек араны батыраак чечсе, эл да отурукташа баштоорун белгиледи.
«Бир жыл аралыгында үйлөрдү салып, бизди киргизип койду. Абалыбыз да жакшы эмес. Тез-тез эле эвакуация болуп, чыккыла-чыккыла деп, ошондой тынчсыздануулар тез-тез болуп турат. Үй салып киргизгени менен тынч жашоо жок. Биз тажиктер менен кошуна эле жашайбыз, эл кооптонуп, коркуп калды. Эми жашоо кандай болорун билбейбиз, «көпчүлүгү Бишкекке көчүп кетип калыптыр» деп угуп жатабыз. Чек араны тезирээк чечсе, эл да отуруп калат беле? Бул турушунда көпчүлүгү кетип калгыдай, жаңы үйлөрдүн эшиктерин кулпулап коюп кетип калып жатышат. Азыркы учурда ушундай абал болууда».
Тагаеванын айтымында, Максат айылынын тургундарына кенемте толук бериле элек. Буга чейин уурдалган унаа менен айдалып кеткен малдын гана чыгымы төлөп берилген. Бийлик калганын Айт майрамына чейин төлөөнү убада кылышкан.
Коомдук ишмер Максатбек Дыйканов каргашалуу чек ара окуяларына бир жыл болгонуна карабай, элди дүрбөлөңгө салуу дале болуп жатканын айтып, бирок тажик тарап кандай чагым кылбасын, ага адекваттуу жооп кайтаруу керектигин белгилейт.
«Кыргызстан тараптан көптөгөн алгылыктуу иштер аткарылды. Баткен облусуна өзгөчө статус берилди. Чек ара боюнча айтканда, курал-жарактар алынып бекемделди. Тилекке каршы, коңшу тарап, жакшы ийге келбей, ар кандай чагым уюштуруп турат. Дүйнөдө болуп жаткан акыркы абалга карап туруп, Тажикстан анча-мынча жыйынтык чыгарып, чек ара маселесинде жакшы бүтүмгө келүүгө аракет жасаса, эки тараптуу аракет болсо, сөзсүз бир жыйынтык чыгат. Ошондуктан бул багытта тынбай иш алып бара беришибиз керек. Чек араны бекем кармашыбыз керек, кандай гана чагым болбосун, ага адекваттуу түрдө жооп берүүгө дайыма даяр болушубуз керек».
Президент Садыр Жапаров 2021-жылдын 10-сентябрында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Баткен облусундагы пенсионерлердин пенсиясы 2 миң сомдон кошуп берилип, 16 жашка чейинки балдарга берилүүчү жөлөк пул эки эсе көбөйгөн. Ал эми жалпы тургундар үчүн электр энергиясын 50% жеңилдик менен төлөө каралган. Бирок пенсия көтөрүлгөнү менен электр энергиясына болгон жеңилдиктер күчүнө кире элегин айыл тургундары айтышты.
Чек ара маселесинде 1991-жылкы картага таянуу зарыл экенин жана анын негизинде элдин тынчтыгы үчүн убактылуу чек араны түзүп коюп, анан толук тактоо иштери бүткөндө, жылдырып койсо боло турганын Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов билдирди.
«Чек араны демаркациялоо, тактап-сызып чыгуу узак убакыт алат деп жатышат. Кырдаалды жөнгө салуунун ыңгайлуу жолдорун таап, шартка жараша аракет жасашыбыз керек. Качанга чейин ушинтип жүрмөк элек. Эгерде чек араны демаркациялоо узак убакытты талап кылса, саясатты ыңгайлуу тарабына буруу керек. Убактылуу чек ара сызыгы деген түшүнүктү киргизүү кажет. 1992-жылдары Минск-Алматы келишимдери боюнча административдик чек араны баары кабыл алган. Ошону негиз кылып, убактылуу чек араны түзүү керек. Ушул саясатты мамлекеттик, эл аралык дипломатиялык деңгээлде жүргүзүү зарыл».
Министрлер кабинети «Баткен облусун 2021-2035-жылдары өнүктүрүү» программасын жана жол картасын кабыл алган. Анын негизинде Баткенге республикалык бюджеттен жылына 500 млн сом каралары белгиленген. Бул акчаны туура сарптоо үчүн Министрлер кабинети буйрук чыгарып, жумушчу топ түзүлүп, Баткен облусун өнүктүрүү боюнча атайын кеңештин жобосу бекитилген.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдиргендей, бүгүнкү күндө жол картадагы иш-чаралардын планын аткаруу максатында район, шаарлардан сунуштар алынып, Экономика жана коммерция министрлигинин кароосуна жиберилген.
Экономика жана коммерция министрлигинин жоопту өкүлү Алмаз Абдраев бул маселени чечүү үчүн министрдин биринчи орун басары Баткенде жүргөнүн айтып, буларга токтолду:
«Бул маселе боюнча биздин министрдин биринчи орун басары азыр атайын Баткенде жүрөт. Ошол жакта ушул маселени тактап, жеринде чечип, аныкташы керек. Ал жакка барганына 2-3 күн болду, команда менен жүрөт. Кандай жардам керек, кандай иштерди аткарышыбыз керек деп жүрүшөт бардык маселе боюнча».
Эске салсак, президент Садыр Жапаров кызматтык мөөнөтү бүткөнгө чейин чек ара маселесин чечип берүү ниети бар экенин билдирген. Ошол эле учурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон да Кыргызстан менен чек араны тез арада тактоого кызыкдар экенин айткан.