Биз менен байланышыңыз

Бишкектин Рухий Мурас конушунда мектеп салына баштады

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 343 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде Бишкек шаарындагы Рухий Мурас конушундагы мектептин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды.

Бул конуш 2005-жылы негизделген. Анда 7 миңге чукул адам жашайт, орто эсеп менен 1350 орундуу мектепке муктаждык бар.

Жапаров Бишкек менен Чүй облусунда мектеп тартыштыгы маселеси абдан курч экенин айтты. Айрыкча Аламүдүн, Сокулук райондорунда жаңы конуштар көп түптөлгөн. Бишкек шаарынын өзүндө эле жеке мектептерди кошпогондо, 177 миң  окуучу бар.

Борбордо элдин саны 2022-жылдын 1-январына карата 1 млн 74 миң адамды түздү, бул каттоосу бар гана адамдар. Ал эми Бишкектин айланасындагы 47 жаңы конушту эске алганда, балдардын саны эки-үч эсеге көп.

Президент Бишкек шаарында 15 мектеп, 5 бала бакча мамлекеттик бюджеттин эсебинен салына баштаганын кабарлады. Ал мектептер Ак-Бата, Алтын-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Көлмө конуштарына салынат.

Президенттин айтымында, борбордо 15 мектеп салуу үчүн 2,5 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү.

«Мектептердин ар бир чарчы метрин 650 доллардан салып жатабыз. Буга чейин ар бир чарчы метрин 820 доллардан салып келишкен. Акыркы он жылда республика боюнча канча мектеп курулган болсо, ар бир чарчы метринен 170 доллардан кемитип коюңуздар канча сумма чыгат экен. Жүздөгөн миллион долларлар чыгат. Эгер 300 мектеп салынган болсо ортодо 200 миллион доллар желип кеткен деген сөз. Баарын жеп жүрүшкөн. Эгер жебей, бүгүнкү күндөй 650 доллардан сала турган болсо, дагы 200 мектеп түшүп калмак», — деди Садыр Жапаров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM