Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен жолугушту

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 168 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев бизнес-ассоциациялардын жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда ал өлкөнүн өнүгүүсүндөгү бизнестин маанилүү ролун белгиледи.

«Бизнес — өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдөгү локомотив болуп саналат жана Министрлер кабинети тарабынан бизнес үчүн тийиштүү шарттарды камсыз кылуу максатында колдон келген күч-аракеттер жумшалат. Кыргызстанда 2896га жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө ишкерлердин көлөмдүү салымы бар жана өлкө жетекчилиги муну жакшы түшүнөт. Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын июнь айында ишкерлер менен чоң жыйын өткөрүү сунушталууда. Биз бизнес менен биргеликте форум ийгиликтүү жана жемиштүү өтүшү үчүн жолугушуунун форматын талкуулагыбыз келет», — деди Төрөбаев.

Бизнес-ассоциациялар мамлекеттик органдар менен бизнестин кызматташуусуна кошумча түрткү бере турган бир катар сунуштарды киргизди.

Ошондой эле кеңешме алкагында бизнес- форум уюштуруу жана аны өткөрүү маселелери талкууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM