Биз менен байланышыңыз

Түркиянын Бурса шаарында «Манас» жумалыгы өткөрүлөт

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 267 | 0

Ушул жылдын июнь айында Түркиянын Бурса шаарында «Манас» эпосунун жумалыгы өткөрүлөт. Бул маалымат ТүркСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен КР тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаевдин кездешүүсүндө айтылды.

Жолугушууда Султан Раев андан тышкары июль Орусиянын Алтай аймагында «Алтай цивилизациясы» конференциясы өткөрүлө турганын маалымдаган.

Ошондой эле сентябрь айында Түркияда өтөрү белгиленген  IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу маселелери талкууланган.

Аны менен катар түрк тилдүү мамлекеттердин руханий жана маданий баалуулуктарын сактоо жана жайылтуу жагдайлары да сүйлөшүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM