Биз менен байланышыңыз

Ошто электр тармагын жакшыртуу үчүн кошумча көмөк чордону курулат

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 201 | 0

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылына 110, 35 жана 10 кВт «Барсбек» жана Өзгөн районундагы Кароол айыл аймагында 220, 110 жана 10кВт «Исанов» көмөкчү чордонунун курулушу башталды. Бул тууралуу Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Капсула салууга президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев катышты.

Аталган көмөк чордондору ишке кирсе, 110 кВт «Ош-6» жана «ЖЭБ Ош» көмөк чордондору, Ош шаарындагы 35 кВт көмөк чордондор, Ош шаарындагы 35 кВт аба чубалгылары жана кабель чубалгылары ашыкча жүктөмдөн бошотулат.

Курулуш иштерин «Ошэлектр» жана «Кыргызстан Улуттук электр тармактар» ишканалары каржылайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM