Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 477 | 0

Президент Садыр Жапаров 28-апрелде ТүркСОЙдун башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан менен ТүркСОЙдун кызматташуусу тууралуу маселелер талкууланды.

«Биринчи жолу Кыргызстандын өкүлү бул уюмдун башкы катчысы болуп жатканы бизди кубандырат. Андан тышкары күзүндө Кыргызстандын өкүлү Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болот. Ошондуктан келерки жылдар Кыргызстан үчүн түрк дүйнөсүндө абдан маанилүү мезгил болот деп эсептейм», — деди президент.

Президент Кыргызстан ТүркСОЙдун ишмердигин колдоп, анын  түрк элдеринин ортосундагы боордоштукту жана достукту чыңдоого, маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору баалай турганын билдирди.

Өз кезегинде Султан Раев аны мындай жогорку кызматка дайындоо учурундагы колдоо үчүн ыраазчылык билдирди.

Жолугушууда ошондой эле Кыргызстандын Түркиянын Бурса шаарында өтүүчү IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуусуна даярдык көрүү, анын ичинде кыргыз элинин руханий жана маданий баалуулуктарын жайылтуу маселелери талкууланды. Ошондой эле, Мамлекет башчысы Кыргызстан кезектеги V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр экенин белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM