Биз менен байланышыңыз

1-майдан тарта ПЧР-тест жана эмдөө сертификаты талап кылынбайт

Кыска кабар | 29 Апр 2022 | 374 | 0

1-майдан тарта Кыргызстандын жарандарынан жана Кыргызстанга чет элден келген жарандардан, чет элдиктерден ПЧР-тест жана эмдөө сертификат талап кылынбайт. Мындай чечим COVID-19га каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кабыл алынды.

Жыйында ошондой эле президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө Саламаттыкты сактоо министрлиги менен бирдикте калкты эмдөөнү тездетүү тапшырылды.

Маалым болгондой, кийинки отурумда Өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы № 93-б «Өзгөчө кырдаал режимин киргизүү жөнүндө» буйругун жокко чыгаруу маселеси каралып, Министрлер кабинетине буйрук күчүн жоготту деп тааныган токтом кабыл алып берүү сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM