Connect with us

Ош шаарындагы Батыш РЭТтин жаңы имаратына капсула салынды

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 374 | 0

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Ош облусуна жасаган сапарында Батыш РЭТтин жаңы имаратынын пайдубалына капсула салды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Райондук электр тармагынын имараты өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ош шаарынын электр энергиясын жакшыртуу максатында курулуп жатканы айтылды.

Курулуш августтун аягында бүткөрүлүп, ачылышы 31-август — эгемендик күнүнө карата жасалат.

Ош шаарын электр менен камсыздоо иштери 1967-жылы салынган эски имаратта жүргүзүлүп келген.

Эске салсак, 8-февралда Бишкек шаарында Түндүк РЭТтин ачылышы болуп, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM