Биз менен байланышыңыз

УКМК Нарында командалык-штабдык машыгуу өткөрдү

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 538 | 0

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Муз-Төр» чек ара тосотунда «Нарын биримдик-2022» командалык-штабдык машыгуусу өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Машыгуу мамлекеттик чек араны бузуп өтүүгө аракет кылган террордук топтор менен күрөшүү механизмдерин иштеп чыгуу максатында уюштурулган.

Катышкандар террордук коркунуч жаралган учурда ыкчам штаб түзүү, террордук топторго каршы туруу чараларын тез арада иштеп чыгуу чеберчиликтерин көрсөтүштү.

Аны менен катар жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн террордук топтор менен күрөшүүдөгү даярдыктары, аларга такаат берүү мүмкүнчүлүктөрү текшерилди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM