Биз менен байланышыңыз

Казакстанда каржы пирамидасын жарнамалаган артисттер жоопко тартылат

Дүйнө , Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 702 | 0

Казакстанда каржы пирамидасын жарнамалаган артисттер жана вайнерлер жоопко тартылат. Бул тууралуу Мажилис спикери Ерлан Кошанов билдиргенин Sputnik маалымат порталынын казак кызматы жазды.

Спикердин айтымында, Казакстан парламентинде ушуга байланышкан мыйзам долбоорун жазылды. Ал мыйзам колдоо таап, ишке кирсе, каржы пирамидаларын жарнамалаган белгилүү адамдар, артисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

«Адамдар каржы пирамидасын түптөгөндөрдүн убадасына ишенип, акыркы акчасын алпарып берет. Ошентип аягында күтүүсүз жагдайга учурайт. Өткөндө бир аялдын өзүн-өзү өрттөгөнүнө күбө болдук. Ошондуктан, биз, парламент депутаттары, мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Анын ичинде каржы пирамидаларына бөгөт коё турган беренелер бар. Коомго белгилүү адамдар, артисттер, вайнерлер жарнама жасаса, айрыкча, алдамчылык экенин билип туруп, элди үгүттөсө, алардын ишине көмөктөшсө, кылмыш жоопкерчилигине тартылат», — деген Кошанов.

Айта кетсек, буга чейин Казакстанда Mudarabah capital каржы пирамидасына катышы бар делип, бир нече адам кармалган. Алардын ичинен белгилүү вайнерлер Мейиржан Төрөбаев менен Мейирхан Шерниязов 10 суткага камакка алынган. Ал эми дагы бир шектүү Азимжан Саидбаев чет өлкөгө качып кеткен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM