Биз менен байланышыңыз

Район акимдери электрондук документ менен иштөөнү үйрөнүштү

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 196 | 0

Район акимдерине жана айыл өкмөт башчыларына Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасын окутуу аяктады.

25-27-апрелде маалыматтык-окутуу тренингдери өткөрүлүп, ага 492 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер катышты. Окутуу Президентке караштуу Ж. Абдрахманов атындагы башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда бир учурда өткөрүлдү.

Анын жыйынтыгында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер электрондук документ жүгүртүү автоматтык маалымат системасында иштөө боюнча практикалык көндүмдөрдү алышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM