Биз менен байланышыңыз

Мэр: Бишкекте таштанды иргөөчү завод куруу үчүн сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 331 | 0

Бишкекте таштанды иргөөчү заводдун курулушуна бөлүнгөн каражат боюнча аудит жүргүзүлдү, анын корутундусу бар экенин Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров 28-апрелде өткөн басма сөз жыйында билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы 22 млн евро бөлүнгөн, анын жарымы кайтарымсыз жардам, жарымы насыяга берилген. Азыркы учурда бул акчанын 11 млн евросу калган.

«Социалдык тармактарда бөлүнгөн каражаттын жарымы натыйжасыз колдонулганын айткан талкуулар болуп жатат. Азыр аудиттин корутундусу бар, бул долбоорду координациялоо болгон эмес. Ошентсе да биз көбүрөөк каржылоону күтпөйбүз, калган акча менен таштанды ташуучу унааларды инфекцияны жайылтпоо үчүн дезинфекциялоо жагынан тартипке келтирүүнү каалайбыз», — деди мэр.

Ал Бишкектин тургуну катары таштанды иргөөчү заводдорду куруу маселеси артыкчылыктуу орунда турарын айтты. Анын маалыматына караганда, ушул жумада мэрия немис компаниясы менен таштандыларды өрттөө же кайра иштетүүчү завод куруу боюнча меморандум түзүүнү пландоодо. Азыр заводдун иши Аламүдүн жана Сокулук райондорун камтышы үчүн Чүй облусунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

«Мен эки айдан бери эл аралык донорлор, инвесторлор менен бир нече жолу жолугушууларды өткөрдүм. Көптөгөн өлкөлөрдүн элчилери менен жолугуштум. Мен заводду куруп жаткан Германиянын инвестициялык компаниясы менен жолугуштум, тажрыйбасы мол», — деди мэр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM