АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргызстанга баасы 31 миллион сомду түзгөн лабораториялык, сервердик жана диагностикалык жабдууларды берди.
Медициналык жабдуулар бүгүн, 28-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектургановдун катышуусунда тапшырылды.
Алар Кыргызстанга COVID-19 эпидемиясынын алдын алууга, аныктоого жана күрөшүүгө жардам берет. Каражат USAIDдин саламаттыкты сактоо системаларынын туруктуулугун чыңдоо долбоорунун эсебинен келген.