Биз менен байланышыңыз

Оштогу ооруканаларды тоноп жүргөн «телефон ууру» кармалды

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 221 | 0

Оштогу ооруканалардан телефон уурдап жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош облустар аралык ооруканасынан жана Ош облустук балдар ооруканасынан бейтаптардын жана нөөмөтчү медкызматкерлердин телефондору жоголуп жатканы боюнча 15тен ашуун арыз түшкөн.

Айтылган фактынын негизинде иликтөө жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары мурда да ууру кылганы үчүн 4 жолу соттолгон Кара-Кулжа районунун 1984-жылы туулган тургуну М.Ш. кармалган.

Тергөөдөн белгилүү болгондой, шектүү ооруканаларга таңкы саат 6:00 чамаларында кирип, уктап жаткан бейтаптардын, нөөмөтчү медкызматкерлердин столдо калган же зарядда сайылып турган мобилдик телефондорун уурдап кетип турган.

Шектүү Ош шаарындагы №5 убактылуу кармоочу жайга камалып, учурда тергөө жүрүп жатканы айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM