Биз менен байланышыңыз

180 миңден ашык жарандын салык карызы бар

Кыска кабар | 28 Апр 2022 | 317 | 0

2022-жылдын 1-апрелине карата 183 миң 863 жарандын карызы бар экени аныкталды. Ошондой эле 7 миң 812 субъектинин камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы бар. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Салык төлөөчүлөр салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн учурда эсептелген туумдарды, санкцияларды жана айыптарды эсептен чыгаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

Мындай жеңилдик «Кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салыктык санкциялар боюнча карыздарды, камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча айып пулдарды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө» мыйзамында каралган.

Мыйзамга ылайык, 2022-жылдын 1-июлуна карата салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздын негизги суммасын төлөгөн төлөөчүлөр үчүн туумдар, санкциялар жана айыптар 100 пайызга жана 2022-жылдын 31-декабрына чейин карыздын негизги суммасын төлөгөндөр үчүн 50% эсептен чыгарылат. Реструктуризациялоого 2020-жылдын 1-июлуна чейин түзүлгөн карыздар тийиш.

Салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызды эсептен чыгаруу үчүн катталган жери боюнча салык органына кайрылуу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM