Акыркы 5 жылда «Манас» эл аралык аэропорту бюджетке 4 миллиард 218 миллион сом которду. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Анын ичинен 2021-жылы ишкана 1 миллиард 102 миллион сом төккөн.
Үстүбүздөгү жылдын үч айында Кыргызстандын бардык аэропорту дээрлик 1 млн жүргүнчү тейлеген. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 62 пайызга өскөнүн көрсөтөт.