Биз менен байланышыңыз

USAIDдин Кыргызстандагы жогорку өкүлү дайындалды

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 266 | 0

АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) Кыргызстандагы жаңы дайындалган жогорку өкүлү Кайя Адамс кызматына расмий киришти. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Анын ант берүү салтанаты USAIDдин администратору Саманта Пауэрдин онлайн катышуусунда өттү. Айта кетсек, 2020-жылдан бери USAIDдин Кыргызстандагы туруктуу өкүлү дайындалбай, буга чейин милдетин аткаруучу Кит Симмонс жетектеп келген.

Кайя Адамс USAID уюмунда 1999-жылдан бери эмгектенип келет. Ал буга чейин кеңсеси Казакстанда жайгашкан Борбор Азиядагы өкүлчүлүктө, Африкада, Жакынкы Чыгышта иштеген. Кыргызстанга келгенге чейин USAIDдин Конго мамлекетиндеги (Африка континентинде) туруктуу өкүлү кызматын аркалаган.

Адистиги: дипломат. Эл аралык мамилелер боюнча АКШнын Жоржтаун университетин бакалавр даражасында, Сиракуз университетин магистр даражасында аяктаган. Англис, француз, немис, орус тилдеринде эркин сүйлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM