Биз менен байланышыңыз

Аида Исмаилова Түштүк Кореянын президентине ишеним грамота тапшырды

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 401 | 0

Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инге Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

«Чонг Ва Де» сарайында өткөн протоколдук аземден кийин президент Мун Чжэ Ин менен элчилердин баарлашуусу болду. Анда кыргыз-корей кызматташтыгы да талкууланды.

Му Чжэ Ин Аида Исмаилованы элчи болуп дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады. Ал эми элчи президентке Кыргызстандын өлкө башчысы Садыр Жапаровдун саламын жолдоду.

Аида Исмаилова быйыл Кыргызстан менен Түштүк Кореянын ортосундагы дипломатиялык алаканын түзүлгөнүнө 30 жыл толуп жатканын баса белгилеп, мындан аркы мамилени дагы да чыңдоого салым кошорун билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM