Connect with us

Кайрат Примбердиевдин Илон Маскка кайрылуусу сынга кабылды

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 653 | 0

Кыргызстандык ырчы Кайрат Примбердиев социалдык тармактагы баракчасы аркылуу дүйнөдөгү эң бай адам деп эсептелген миллиардер Илон Маскка кайрылуу жасады.

Ырчы «Твиттердеги» баракчасына: «Илон Маск, балким сен Кыргызстанды сатып алып, жаңылайсың?» — деп жазган.

Буга чейин миллиардер Илон Маск Twitter компаниясын 44 миллиард долларга сатып алганы кабарланган.

Ал эми ырчынын бул сөзү социалдык тармакта кызуу талкууга алынып, катуу сынга кабылды. Айрымдар ырчынын бул сөзү үчүн жоопкерчиликке тартылуусу керек деп эсептейт. Дагы бир башка пикирлерде Примбердиев саясий персона болбогондуктан, тамаша катары жазган деп билдирүү калтырышууда.

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM