Биз менен байланышыңыз

Баткендеги аткезчилик менен күрөштү күчөтө турган мыйзам сунушталды

Саясат | 27 Апр 2022 | 1390 | 0

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында «Айрым мыйзам актыларына, кылмыш-жаза кодексине жана укуктук бузуулар жөнүндөгү кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды. Долбоордун негизги максаты өлкөнүн экономикалык коопсуздугун чыңдоо болуп саналат. Ошондой эле Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен күрөштү күчөтүү боюнча кошумча чаралар планы бекитилген. Бул планды аткаруу максатында Юстиция министрлиги, Бажы кызматы, УКМК, Башкы прокуратура жана ИИМ менен биргеликте айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү иштелип чыккан. Темага алдыда кененирээк токтолобуз.

Парламенттин бүгүнкү жыйынында «Айрым мыйзам актыларына, кылмыш-жаза кодексине жана укук бузуулар боюнча кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулунун айтымында, аталган мыйзам долбоору чек ара аймактарында аткезчилик менен күрөшүү максатында жазылган. Ошондой эле Баткен облусунун аймагында аткезчиликке каршы күрөштү күчөтүү боюнча кошумча чаралар планы бекитилген.

«Жалпысынан айтканда, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун концепциясы контрабанда чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин ченемдерин күчөтүүгө багытталган. Кыргыз-тажик чек арасы аркылуу товарларды мыйзамсыз алып өтүү мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарына коркунуч жаратууда. Ошол эле учурда бул укук бузуулар барган сайын уюшкан формага ээ болууда. Ошол себептен Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесине айып пулдун эсептик көрсөткүчтөрүн жогорулатуу киргизилүүдө. Ошондой эле кылмыш жасаган укук бузуучу өз ыктыяры менен эки эселенген бажы алымдарын, анын ичинде туум, айып пул төлөп, жазык жоопкерчилигинен бошотулуучу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу нормасы киргизилүүдө».

Мындан сырткары кылмыштын куралы катары транспортту конфискациялоону караган ченемдер киргизилүүдө. Ал эми укук бузуулар кодекси боюнча жеке жана юридикалык жактар үчүн айып пулдун көлөмүн көбөйтүү каралган.

Жыйында депутат Исхак Масалиев контрабанда менен күрөштү күчөтүү мыйзамын колдой турганын билдирип, транспортту конфискациялоо соттун чечими менен гана болушу керектигин белгиледи.

«Негизи ушул мыйзамды колдоо керек, контрабанда менен болгон күрөштү күчөтүшүбүз керек. Ошол себептен чараларды катаалдатуу бул жерде турган иш. Себеби 1994-жылы 4-5 машинаны конфискация кылганда, сот: «Кандай болгондо да конфискация соттун чечими менен болушу керек», — деп, бизди оңдоп койгон. Бажы органынын укугу жок деген да. Силер берген долбоордо «сот гана аныктайт» деп жазган эмессиңер, жөн гана конфискацияны жазып жатасыңар. Жол-жобосу башка мыйзамда жазылабы?» .

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов жыл ичинде канча аткез жүк кармалып, канча суммада бажы төлөм алынганына кызыкты.

Бажы кызматынын өкүлү аткез товарлар көбүнчө Тажикстандан келерин, көбүнесе айыл чарбага керектелүүчү товарлар жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар ташыла турганын белгилеп, буларга токтолду:

«2021-жылдын биринчи кварталында 43 кылмыш катталып, 1 млн 751 миң 362 сом мамлекеттин казынасына төлөнгөн. 2022-жылы 69 укук бузуу катталып, 1 млн 367 миң сом бажы төлөмдөрү алынган. Контрабанда көбүнчө Тажикстан жана Кыргызстан менен чектеш өлкөлөрдүн такталбаган чек араларында жасалган. Маалыматтык талдоолорго караганда, кыргыз-тажик чек арасында жашаган тургундардын үйлөрүнүн катар жайгашуусунун себебинен толук көзөмөлгө алуу мүмкүнчүлүгү жок болуп жатат. Ошондуктан азыркы мыйзамга күчөтүлгөн тартипте чараларды киргизүү сунушталып жатат». 

Баткен облусунда мурда 8 бажы кызматкери иштеп келсе, учурда 16 кызматкер иш алып барат. Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов бажы кызматкерлери көпчүлүк учурда жеке чөнтөгү үчүн иштеп келгенин белгилеп, бир катар сунуштарды берди:

«Баткен облусу — учурда аткезчиликтин мекени. Чек аранын көп жери чечиле элек болгондуктан күчөтүлгөн күчтөр барса да, ушул күнгө чейин токтой элек. Бажы кызматынын өүлдөрү да өздөрүнүн чөнтөгүнө иштейт. Булар белгилүү, мен ошол облустун жараны катары айтып жатам. Эми күчөтүлгөн тартипте иштөө керек. Ошол эле учурда бул мыйзам өтүп калса, коомчулукка сөзсүз жарыя кылышыңыздар керек. Мындан сырткары жөнөкөй айдоочулар күйүп кетпеши керек. Жүктү негизи «талкаштар» чыгарат, карапайым калк күйүп кетпеши керек. Жүк ташуу мыйзамдуу жолго түшсө жакшы болмок». 

2021-жылы аткез товарлардан мамлекеттин эсебине 5 млн 559 миң сом айып пул түшсө, 2022-жылдын биринчи кварталында 2 млн 319 миң сом айып пул түшкөн.

Copyright © 2017 Maral FM