Биз менен байланышыңыз

Издөөдө жүргөн Тажикстандын жараны Лейлек районунан кармалды

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 395 | 0

Лейлек милициясы 2018-жылдан бери издөөдө жүргөн Тажикстандын жаранын райондун аймагынан кармады.

Тажикстандын Согди облусунун Б.Гафуров районунун тургуну 40 жаштагы М.Дж. Кыргызстандын аймагында 2018-жылы мыйзамсыз ишкерлик кылуу жана аткезчилик беренелери менен кылмыш жасап, издөөдө жүргөн.

Лейлек РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 27-апрелда Лейлек районунун аймагында жүргөн жери аныкталып, кармалды.

Андан соң убактылуу кармоо жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM