Connect with us

УКМК: 4 миң доллар пара сураган ИИМдин тергөөчүсү кармалды

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 161 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына Ички иштер министрлигинин ага тергөөчүсү, милициянын майору Ш.С.К. кылмыш иши боюнча тергелип жаткан Э. уулу Х.ны актоо үчүн  ортомчу Ю.А.Х. аркылуу 4 миң доллар пара сураганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү (опузалап пара алуу) менен иш козголгон. Атайын операциянын жүрүшүндө айтылган тергөөчү Ш.С.К. менен ортомчусу Ю.А.Х. паранын 200 миң сомун алып жаткан учурда кармалган.

Шектүүлөр УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда сурак берип жатышат.

УКМК ушул сыяктуу опузалап акча талап кылууга кабылган же күбө болгон жарандарды 0(312) 66-04-75; 62-65-04 номерине чалып, кабарлап коюуга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM