Connect with us

Кувейт Кыргызстандын жүн, тери, пахта, жибек буюмдарына кызыгат

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 314 | 0

Кыргызстандын Кувейттеги элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Соода-өнөр жай палатасынын башкы директорунун орун басары  Эмад Аль-Заид менен жолугушту.

Баарлашууда соода-экономикалык байланышты дагы да чыңдоо маселеси айтылды. Кувейтте Кыргызстандан келген тамак-ашты сертификациялоо иштери аяктап калганы, эт, балык, бал жеткирүүдөгү ийгиликтүү соода алака, Кувейттен Бишкекке жана Ошко түз аба каттамдарынын ачылышы менен эки өлкөнүн жеке секторундагы кеңейген мүмкүнчүлүктөр белгиленди.

Эмад Аль-Заид Кыргызстандан эт, жашылча-жемиш импорттоого кызыкдар экенин, андан тышкары Кувейт эли Кыргызстандын цехтеринде тигилген, жасалган жүн, булгаары, пахта, жибек буюмдарга кызыга турганын айтты.

Жыйынтыгында Кувейттин Соода, өнөр-жай палатасынын өкүлчүлүгүнүн Бишкекке иш сапарын уюштуруу сүйлөшүлдү.

Ошондой эле Эмад Аль-Заид кыргыз өндүрүшчүлөрүнүн Эль-Кувейтке сапарын колдой турганын айтып, анын алкагында атайын өндүрүмдөрдүн көргөзмө-жарманкесин уюштуруп берүүгө, борбор калаасына туруктуу иштеген кыргыз көргөзмө залын ачтырууга убада берди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM