Connect with us

Ысык-Көлдөгү инженердик курулмасы жок пансионаттар жабылат

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 682 | 0

Президент Садыр Жапаров «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

2023-жылдын 1-январында күчүнө кире турган жарлыкта Ысык-Көл облусундагы жайкы эс алуу, ден соолукту чыңдоо жайларын инженердик курулмаларсыз иштетүүгө тыюу салынган.

Жарлыктын кириш сөзүндө Ысык-Көлдөгү шаарларда, конуштарда, көл жээгиндеги пансионаттарда саркынды суу куюучу системалар, тазалоочу курулмалар жоктугунан, болсо да сапаты талапка жооп бербегендиктен саркынды суулар түз көлгө куюп жатканы айтылган. Ошол эле учурда эс алуу жайлар, пансионаттар жээк менен имараттын ортосундагы аралыкты сактоо ченемин бузуп жатканы белгиленген. Бул Ысык-Көлдүн экологиясына түздөн-түз коркунуч туудургандыктан, өлкө башчы бир катар чектөөлөрдү кабыл алган.

Ага ылайык, менчигинин түрүнө, мекемелик таандыгына карабастан инженердик курулмалары (суу алгыч, суу түтүк, канализация, канализациялык насостук станция, тазалоочу система) жок пансионаттарга, санаторийлерге жана башка эс алуу жайларынын иштөөсүнө, алардын даярдыгы тууралуу паспорт берүүгө тыюу салынды.

Жарлыктын аткарылышын көзөмөлдөө Министрлер кабинетине, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларынын мэриясына, Ысык-Көл облусунун жетекчилигине, райондук администрацияларга жүктөлдү.

Мындан тышкары Министрлер кабинетине 2023-жылдын 1-январына чейин «2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык зонасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү» комплекстүү мамлекеттик программасын иштеп чыгуу тапшырылды.

Анын негизинде Ысык-Көлдүн үч шаарынын тазалоочу курулмалары жалпы оңдоодон өткөрүлөт, Каракол менен Чолпон-Ата шаарына таштанды иштетүүчү завод салынат.

Copyright © 2017 Maral FM