Биз менен байланышыңыз

Депутат Нурбаевди Ош облусунун жетекчилиги каралап жатканы айтылды

Кыска кабар | 27 Апр 2022 | 680 | 0

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында бир жумадан бери парламенттеги «Элдик» топтун депутаты Жалолидин Нурбаевди Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары каралап, туура эмес маалымат таратып жатканын топтун төрагасы Акылбек Түмөнбаев билдирди.

Анын айтымында, Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары «Нурбаевдин кланын ачтык» деген темаларды коюп, интернеттен жалган маалыматтарды таратып жатат.

«Эл шайлап, депутат болуп келген эл өкүлүнүн моралдык укугун бузуп жатат. Бул иш боюнча, урматтуу төрага, прокуратура органдарына протоколдук тапшырма берсеңиз, мыйзам ченемдүү карап, жообун берсин. Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары бир инвестор алып келе албай жатып, Жалолидин Нурбаев инвесторлорду алып келип иштетип жатса, көрө албай жатат», — деди Түмөнбаев.

Ошондой эле депутат Өмүрбек Бакиров бул иш боюнча депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM