Биз менен байланышыңыз

Президент «Кабар» маалымат агенттигине жаңы жетекчи дайындады

Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 539 | 0

Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев (Кубан Абдымен) кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемеге өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Президенттин дагы бир тескемеси менен бошогон кызмат орунга Медербек Шерметалиев дайындалды.

Кубанычбек Таабалдиев 1956-жылы Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында туулган. «Кабар» маалымат агенттигине 1998-жылы директор болуп келип, 2006-жылы иштен кеткен. Бирок 2011-жылы ошол кездеги президент Роза Отунбаеванын буйругу менен кайрадан директорлукка дайындалган.

Айта кетсек, «Кабар» агенттиги кечээ, 25-апрелде Президент Садыр Жапаровдун эксклюзивдүү маегин жарыялаган болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM