Биз менен байланышыңыз

Жапаров Франциянын президентин куттуктады

Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 161 | 0

Президент Садыр Жапаров Эммануэль Макронду Франциянын президенти кызматына кайрадан шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

«Бул жооптуу кызматка кайрадан шайланышыңыз француз элинин Сизге болгон жогорку ишенимин ырастайт. Мен өз тарабымдан Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы конструктивдүү диалог жана өз ара пайдалуу кызматташтык улантылат деп эсептейм», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Франциянын азыркы президенти Эммануэль Макрон жекшембиде өткөн шайлоонун экинчи айлампасында ашынган оңчул атаандашы Марин Ле Пенди ишенимдүү түрдө жеңип, дагы беш жылга кызматында калды. 100% санактан кийин Макрон 58,55%, Ле Пен 41,45% добуш алган.

44 жаштагы Макрон соңку 20 жылда эки мөөнөткө шайланган биринчи француз президенти болуп калмакчы. 53 жаштагы Марин Ле Пен президенттик шайлоого үчүнчү жолу катышты. Эки жолкусунда Макронго утулуп калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM