Биз менен байланышыңыз

Оң рулдуу унааларды алып кирүү демилгеси колдоо тапкан жок

Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 534 | 0

Бүгүн, 26-апрелде Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмышка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитети «Кыргызстандагы жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгесин карап, аны толук четке какты.

Мыйзам долбоорунда өлкө аймагына оң рулдуу унааларды кайра алып келүүгө жана каттоого уруксат берүү маселеси көтөрүлгөн.

ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраиловдун маалыматы боюнча, оң рулдуу унаалар кабылган кырсык 2015-жылы 33,2%ды түзсө, былтыр 21% болгон. Тагыраагы, алты жылда 12%га азайган.

«Жол эрежелерине жана талаптарына ылайык, оң рулдуу унааларга тыюуну кайрадан алып салууга, өлкөгө киришине уруксат берүүгө биз каршыбыз», – деди Азамат Исраилов.

Сунушталган мыйзам долбоорунун концепциясын комитет четке какты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM