Биз менен байланышыңыз

Өкмөт: Уюлдук телефондорду каттоо үчүн 700 сом акы алынбайт

Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 224 | 0

Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги «Электр жана почта байланышы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан.

Анда уюлдук байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүүдө колдонулуучу түзүлүштөрдү идентификациялоонун тартиби белгиленген.

Ага ылайык, мобилдик аппараттарды каттоо лицензиялануучу ишмердик болуп эсептелбейт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат.

Идентификациялоо ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт, ал Кыргызстандын аймагына алып келинген бардык түзүлүштү идентификациялоо талаптарын аныктайт.

Уюлдук телефондорду идентификациялоо өлкөгө алып келинүүчү аткез товарлар менен күрөшүүдө оң таасирин тийгизет. Бул өз кезегинде айрым ишкерлерди көмүскөдөн чыгарууга көмөктөшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM