Биз менен байланышыңыз

Санкциялардын айынан Орусиянын «Урал» заводу Казакстанга көчүүнү чечти

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 466 | 0

Орусиянын Ural Motorcycles компаниясы Казакстанга көчүп келет. Бул тууралуу компаниянын кожоюну Илья Хаит билдиргенин «Sputnik Казакстан» порталы жазды.

Илья Хаиттин заводду көчүрүү чечимине Орусияга салынган санкциялар себеп болгон. Анын кесепетинен «Урал» мотоциклинин тетиктерин чет өлкөдөн алдыруу кыйынга туруп, заводдун ишине тоскоолдук жаралган. Ошол эле учурда мотоциклди сыртка сатууга да тыюу салынган.

«Урал» заводу Орусиянын Ирбит шаарынан Казакстандын Петропавл шаарына көчүрүлөт. Анткен менен Ирбиттеги завод да ишин токтотпойт, ал жерде мотоциклдин тулкусу менен корпустун айрым бөлүктөрү жасалып, Петропавл шаарында толук кураштырылат.

Айта кетсек, «Урал» мотоциклинин басымдуу бөлүгү батыш Европага, Америкага экспорттолот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM