Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдүк тургундун үйүнөн күрөң аюунун териси табылды

Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 395 | 0

Ысык-Көлдө браконьердин үйүн тинтүү учурунда эки күрөң аюунун териси табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, туристтик милиция кызматкерлери Эңилчек чек ара заставасынын аскер кызматкерлери жана «Илбирс» коомдук фондунун адистери менен биргеликте 1975-жылы туулган Т.Р. аттуу жаранга кылмыш иши козголду.

Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 267 (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) жана 308 (Жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү жок кылуу) беренелери боюнча иш ачылган.

Анын үйүн тинтүү учурунда тиешелүү уруксаты жок ок атуучу куралдар жана аларга ок-дарылар, ошондой эле Кызыл китепке кирген жана жоголуп бара жаткан эки күрөң аюунун терилери табылды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалып, табылган күрөң аюунун терилеринин тек-жайын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM