Министрлер кабинети 2022-2025-жылдарга адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программасы жана иш-чаралар планы бекитилди. Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:
– адамдарды сатуунун алдын алууга, бөгөт коюуга, аларга жардам көрсөтүү жана коргоо максатында адамдарды сатуунун курмандыктарын идентификациялоого, кайра жиберүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын негиздерин түзүү;
– адамдарды сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти координациялоо.