Биз менен байланышыңыз

Кызыл-Кыяда мөндүр аралаш жамгыр жаап, 10 гектар эгинди сел алды

Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 306 | 0

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында мөндүр аралаш жамгыр жаап, Жусубалиев көчөсүндөгү балдар бакчасын жана бир турак үйдүн короосуна суу толуп калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жерине шаардагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2 бөлүмүнүн 6 куткаруучусу тартылган. Материалдык чыгым жана жабыртарткандар болгон эмес.

Ал эми Баткен районунун Таян айылында сайдан суу ашып, бир чакырымга жакын ички чарбалык жолдун айрым бөлүктөрү, 10 гектарга жакын эгинди сел алган. Болжол менен бир чарчы метр арык кум жана шагылга толгон.

Жеринде аймактык жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан тактоо иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM