Биз менен байланышыңыз

Чынбаева: Бүгүнкү күндө бала тарбиялоодо ата-эненин өзгөчө көңүлү талап кылынат

Кыска кабар | 26 Апр 2022 | 252 | 0

25-апрелде өлкөнүн балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева менен акыйкатчы Атыр Абдрахматова балдарды укугун коргоо жаатында иш жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюмдар менен жолугушту.

Асел Чынбаева белгилегендей, бүгүнкү күндө жалпы балдар, анын ичинде турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдар менен күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу зарыл.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл бүгүнкү күндө балдарды тарбиялоо көйгөйлөрү ата-энелерден өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын, анткени ар бир бала өзү өскөн чөйрөдөн көз каранды экенин белгиледи.

«Ар кандай курактагы балдар ата-энесинин сезимдерин кабыл алышат, эгер чоңдордун мамилесинде гармония болбосо, бул тигил же бул балага таасир этет, кээде өзүн-өзү өлтүрүү сыяктуу терс кесепеттерге алып келет», — деди Чынбаева.

Ал ошондой эле бул жолугушуунун маанилүүлүгүн жана балдардын кызыкчылыгы үчүн мындан аркы кызматташуунун зарылдыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM