Connect with us

Парламент депутатына жогорку билим эмне үчүн керек?

Коом , Саясат | 25 Апр 2022 | 1302 | 0

Демилгечи депутаттар Башмыйзамдын 24-беренесинин 3-пунктунда «бардык жаран бирдей укукка жана эркиндикке ээ» деп жазылганын, бирок учурдагы «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешин шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 59-беренесинин 2-пункту Конституцияга каршы келип, адам укугун чектээрин айтышат. Аталган мыйзам долбоору коомдо кызуу талкууга алынып, кайчы пикирлерди жаратууда. Мыйзам долбоорунун артыкчылыктары жана кемчиликтери тууралуу алдыда кененирээк токтолобуз. 

Гүлмира аттуу жаран депутаттардын жогорку билими болушу керек деп эсептейт. Ансыз да Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын депутаттары билими менен өзгөчөлөнбөсүн, эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынса, депутаттардын аброю мындан да төмөндөп, сыйга татыктуу болбой каларын айтат.

«Депутаттар биздин өлкөбүздүн деңгээлин, маданиятын чагылдырып турат. Эмне үчүн башка адистерге жогорку билимдүү болушун талап кылабыз да, а эмне үчүн «депутаттар жогорку билимдүү болбой эле койсо боло берет» деп жатабыз? Биз мындайды колдобошубуз керек. Билими жок депутаттардын деле сүйлөгөнүн көрүп жүрбөйбүзбү, алар же маселе чечпесе, же эки сөздү кошуп сүйлөй алышпашса, эмне кереги бар сабатсыз депутаттардын?»

Ал эми Байхан депутаттардын жогорку билимдүү болушу зарыл эмес деген ойдо. Депутат элдин таламын талашып, түйшөлткөн маселелерди трибунада айтып турганы деле жетиштүү болуп, көбүрөөк пайда бермек дейт.

«Элдин көйгөйүн, жарандардын маселелерин көтөргөн депутаттар чындап эле аз. Эл өкүлү деп жөн эле айтылган эмес да. Мисалы, айылдын проблемасын, жергиликтүү калктын көйгөйүн көргөн, билген, жашаган адам гана көтөрүп чыгат. А эмнеге ушундай элдин камын ойлогон жөнөкөй жаран депутат боло албайт? Ушундайлар мамлекеттеги көп нерсени чечип, элге пайда алып келе алат деп ойлойм».

Башмыйзамга ылайык, Кыргызстандын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу. 2019-жылы кабыл алынган «Жогорку Кеңештин депутаты жогорку билимдүү болсун» деген ченем Конституциянын ушул беренесине каршы келерин айтышат демилгечилер.

Жогорку Кеңештин депутаты Улугбек Ормонов сөз болуп жаткан мыйзам долбоору Башмыйзамга шайкеш келтирүү максатында жазылганын билдирди.

«Коомчулукта каршы пикирлер айтылып жатат. Туура, Жогорку Кеңештин депутаты бардык талапка жооп бериши керек. Бирок биз жаңы мыйзам долбоорун ойлоп таап жаткан жерибиз жок. Башмыйзамда «депутаттар кайсы маалда чакыртып алынат?» деген жерине «жогорку билими жок болсо, чакыртып алынат» деген норма кирбей калган. Мыйзамга 2020-жылы кирген, а ушул жылга чейин Жогорку Кеңештин депутатына андай талап болгон эмес. 2021-жылы кабыл алынган жаңы Башмыйзамга ошол норма кирбей калганына байланыштуу биз азыркы тапта мыйзам долбоорун Башмыйзамга дал келтирүү үчүн сунуштап жатабыз».

Коомдук ишмер Сейтек Качкынбай парламенттин депутаттарына жогорку билимдин жана дипломдун такыр кереги жок деген ойду айтып келет. Ал өнүккөн өлкөлөрдө депутат болом деген адамдан билимин тастыктаган диплом суралбай турганын мисал келтирди.

Качкынбайдын айтымында, депутаттык кызмат мамлекеттик кызматка кирбейт. Ал — саясий кызмат. Мындан улам эң башкысы, адамдын жогорку билими эмес, жашоодогу тажрыйбасы, даанышмандыгы, лидерлик позициясы, мамлекетти өнүктүрүү багытын көрсөтө ала турганы каралышы керек. Бирок бүгүнкү күнү Кыргызстандын Башмыйзамында «Жогорку Кеңешке диплому бар адам гана бара алат» деген норма бекитилип калган. Буга VI чакырылыштын депутаттарынын «салымы» бар.

«Ошондуктан мамлекеттик кызматкер менен саясатчынын айырмасы ушул жерден көрүнөт. Бирок кыргыз шартында «диплом керек» деген түшүнүк VI чакырылыштын депутаттары үчүн кабыл алынган. Себеби алар жакшы окуй албай, сүйлөй албай, «чала спортиктер» келип, элдин кыжырына тийип, нааразы кылган. Андан кийин «кичине болсо да билимдүүлөр келсе болот эле, университетти бүттү беле, окуду беле?» деген сөздөр келип чыккан. Бирок ошондо Конституцияга киргизип жатканда популисттик чечим кабыл алып ийшти эле. Эми «азыр кайра өзгөртөт элек» деп чыгып жатышат».

«Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү үчүн жогорку билим болушу керек» деген ченемди алып салуу үчүн илимий тактоо керек. Себеби аткаруу бийлиги, бюджеттик саясат депутаттык корпустун көзөмөлүнөн алынган. Бүгүнкү күндө алардын өкүлчүлүк, мыйзам чыгаруу жана көзөмөл милдети бар. Парламенттин депутаты ушул үч милдеттин алкагында өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарышы үчүн жогорку билимдүү болушу керек.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева аталган мыйзам долбоору актуалдуу эместигин, буга депутаттар көп убакыт коротпой койсо туура болмогун белгилейт.

Мындан сырткары Эргешбаева парламент азыркы тапта өзүнө тиешелүү мыйзамдарды кабыл ала электигин эскертти.

«Бүгүнкү күндө парламент үч мыйзамды кабыл ала элек. Бул: Жогорку Кеңештин регламенти боюнча конституциялык мыйзам; Жогорку Кеңештин статусу боюнча конституциялык мыйзам; парламенттик көзөмөл боюнча конституциялык мыйзам. Ушул үч мыйзам биринчи окуудан өткөн. Бирок VII чакырылыштын депутаттары иштеп баштагандан бери 120 күндөн ашты. Буга карабастан башка концептуалдуу бийлик институттарына тиешелүү мыйзамдарды өткөрүп, бүгүнкү күндө парламент өзүнө керектүү мыйзамдарды толугу менен өткөрө элек. Мына ушунун үстүнөн көзөмөл жүргүзүп, көңүлгө алышы керек. А башка мыйзамдык демилгелер жалпы түрдө биринчи приоритетке кирет деп санабайм».

Борбордук шайлоо комиссиясы жыл башында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде мандатынан ажыраткан.

Бул окуядан кийин Президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, мугалимдердин, депутаттардын жогорку билими тууралуу дипломун текшерүү тапшырмасын берген. Азыркы тапта УКМК бардык кызматтагы адамдардын дипломун текшерүүдө. Ошол эле учурда буга байланыштуу ачылган иштер тергелип жатат.

Copyright © 2017 Maral FM