Connect with us

26-апрелде айрым аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 358 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 26-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +2…+7, күндүз +17…+22,

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Ысык-Көл, Нарын дубандарында түнкүсүн +1…6, күндүз +15…+20.

Бишкек шаарында 26-апрелде жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +5…+7, күндүз +19…+21.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM