Биз менен байланышыңыз

Президент депутат жогорку билимдүү болушу керек деп эсептейт

Кыска кабар | 25 Апр 2022 | 637 | 0

Президент Садыр Жапаров парламентке депутат болуу үчүн жогорку билимдин кереги жок деген мыйзам долбоорун колдобой турганын айтты.

Ал «Кабар» агенттигине курган маегинде жогорку билими, тажрыйбасы жок адам мыйзам жаза албасын, Жогорку Кеңешке билимдүү депутаттар келиш керектигин билдирди.

21-апрелде «Жогорку Кеңешке шайланып келүү үчүн жогорку билим болушу керек» деген ченемди алып салууну сунуштаган мыйзамдын долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Бул демилгени депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Улугбек Ормонов, Дастан Бекешев, Сеид Атамбаев, Марлен Маматалиев көтөргөн.

Алар Башмыйзамдын 24-беренесинин 3-пунктунда «бардык жаран бирдей укукка жана эркиндикке ээ» деп жазылганын, бирок учурдагы шайлоо жөнүндө мыйзамдын 59-беренесинин 2-пункту Конституцияга каршы келерин жүйө келтиришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM